Коалициянын жыл сайын берилүүчү отчету

Кыргызстандагы Кыйноолорго каршы коалиция кыйноолорго, ырайымсыз, адамгерчиликсиз же ар-намысты басынткан мамилелер менен жазалоолорго күрөшүү максатында бириккен укук коргоо уюмдарынын, жарандык активисттердин жана журналисттердин бейформал түйүнү болуп саналат. Коалиция – бул кыйноолорго каршы күрөшкө жарандык катышуунун, жарандык көзөмөлдүн жана бийлик менен натыйжалуу иштешүүнүн эң бир маанилүү механизми. Биз ишмердүүлүгүбүз натыйжалуу жана ачык-айкын болушуна умтулабыз. Төмөндөн ишибиздин жыйынтыктары менен таанышса болот.