Кыйноолордун курмандыктарын коргоо

—♦—

Эл аралык механизмдер

Кыйноолорго каршы коалиция кыйноолордун курмандыктарына алардын макамына, диний жана саясий ынанымдарына карабастан укуктук жардам көрсөтөт.

Адам укуктарын коргоо үчүн эл аралык механизмдерди пайдалануу (БУУнун Кыйноолорго каршы атайын баяндамачысына кабар берүү жана БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине жеке даттануулар) – Коалициянын Укуктук жардам көрсөтүү боюнча колдонмосундагы эң бир маанилүү сунуштамалардын бири болуп саналат.

2013-жылдан 2016-жылга чейинки аралыкта Кыйноолорго каршы коалициянын уюмдары тарабынан 20 жеке даттануу арызы даярдалып, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине жөнөтүлгөн. 20 даттануу арызынын ичинен 7 арыз боюнча Комитет менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.  2 арыз боюнча коммуникация күтүлүп жатат. 2 арыз боюнча аларды кабыл алуу мүмкүн эмес экендигин көрсөткөн жооп келген. У.Акуновдун арызы боюнча мамлекетти адамдын укуктарын бузууга күнөөлүү деп тапкан чечим кабыл алынган. Жеке даттануу арыздары кыйноолордон эркин болуу укугу (ЖСУЭП, 7-берене), адилет соттук териштирүүлөргө болгон укугу (ЖСУЭП, 14-берене) бузулганга, басмырлоого (ЖСУЭП, 26-берене), мыйзамсыз кармоого (ЖСУЭП, 9-берене) байланыштуу берилген.

БУУнун Адамдардын укуктары боюнча комитетинин Кыргызстанга карата Чечимдеринин толук тизмесин мындан тапса болот. Жекече даттануу арызын берүү жол-жобосу жөнүндө БУУнун расмий сайтынан окуп алса болот.

Эл аралык коомчулуктун көңүлүн өлкөдөгү кыйноолорго жана ырайымсыз мамилелерге байланышкан абалга жана кыйноолорго дуушар болгон конкреттүү адамдарга буруу үчүн Кыйноолорго каршы коалиция БУУнун Кыйноолор боюнча Атайын баяндамачысына 87 даттануу арызын жөнөткөн.  

Анын мандатына ылайык, БУУнун Кыйноолор боюнча Атайын баяндамачысынын милдеттеринин бири – иш боюнча тез арада даттануу жол-жобосун ишке ашыруу болуп саналат. Ким болбосун, адам укуктары бузулгандыгына БУУнун көңүлүн бура алат. Бул жол-жобо айыптоочу мүнөзгө ээ эмес. Кыйноолорго жол берип жатат делген Өкмөткө конкреттүү жагдайды карап көрүп, даттанууда сөз болгон адамдын дене-бойлук жана психикалык кол тийбестигине болгон укуктарын адам укуктарынын эл аралык стандарттарына ылайык коргоого багытталган чараларды көрүү сунушталат. Шашылыш даттанууда камтылган маалыматты токтоосуз берүү өтө маанилүү болгондуктан, Атайын баяндамачы бул даттанууну кызыкдар болгон өлкөнүн ТИМине түздөн-түз жөнөтөт.

—♦—

Укуктук жардам

Кыйноолорго каршы кыйноолордун курмандыктарына алардын макамына, диний жана саясий ынанымдарына карабастан укуктук жардам көрсөтөт.

Коалициянын укуктук жардамынын негизги максаты — кыйноолордон жана/же ырайымсыз мамиледен жабыркаган адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө укуктук жардам берүү, мамлекеттик органдар (КР Прокуратурасы, ИИМ, ЖАМК) менен кызматташуу, кыйноолорго каршы күрөшүү жаатындагы жактоочулар коомдоштугун ишке тартуу жана мобилизациялоо, маалымат базасы тутумундагы кыйноолор колдонгон фактыларды тыкыр документтештирүү болуп саналат.

 

Укуктук жардам Коалициянын төмөнкү мүчөлөрү/уюмдары тарабынан көрсөтүлөт:

  1. «Азаттык үнү» Коомдук фонду — Бишкек, Чүй облусу, Ысык-Көл облусу
  2. «Кылым Шамы» Адам укуктарын коргоо боюнча борбору — Бишкек, Чүй облусу, Нарын облусу
  3. «Адилеттүүлүк» облустук укук коргоочу уюму — Жалал-Абад облусу
  4. “Адам укуктары боюнча эдвокаси борбору” Бейөкмөт уюмдарынын ассоциациясы – Ош облусу
  5. «Биригүү союзу» Коомдук бирикмеси – Талас облусу.

 
Эгер Сиз Кыйноолорго каршы коалициянын уюмдарынан укуктук жардам алгыңыз келсе, биз менен ушул даректер боюнча байланышсаңыз болот.

—♦—

Реабилитациялоо

«Кыйноолор колдонулганда дайыма оор жагдайлар жаралат, ошондуктан, колдон келишинче, кайра калыбына келтирүү мүмкүн эмес болгон дене-бойлук жана психологиялык зыяндын алдын алуу үчүн өз мекенинде же саякаттоо учурунда оор окуяларды башынан өткөргөн кыйноолордун курмандыктары токтоосуз жардам алуусу жана ага кам көрүүлүүсү өтө маанилүү болуп саналат”

БУУнун Кыйноолордун курмандыктары үчүн камкорчулар кеңешинин төрагасы Адам Боднар

БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясынын 13 жана 14-беренелеринде кыйноолордон жабыркаган жана ырайымсыз мамиле менен зомбулукту башынан кечиргендер реабилитацияланууга жана медициналык дарыланууга укугу бар экендиги айтылган.  Бүткүл дүйнөдөгү реабилитациялоочу борборлордун иши көрсөткөндөй, кыйноолордун курмандыктары толугу менен айыгуу үчүн башынан өткөн азап-тозокторун унута башташы мүмкүн. Кыйноолордун натыйжасында дуушар болгон жабырланган абалдан чыгуу үчүн заманбап атайылаштырылган программалар зарыл.  

Кыргызстандын аймагындагы жападан-жалгыз Кыйноолор менен ырайымсыз мамиледен жабыркагандар үчүн реабилитациялоочу борбор 2007-жылы БУУнун Кыйноолордун курмандыктары үчүн фондунун колдоосу менен “Эркиндик үнү” коомдук фондунун базасында түзүлгөн. Бул программа азырынча жарандык коомдун демилгеси жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен гана, мамлекет тарабынан эч кандай көмөктөшүүсүз иштеп жаткандыгын белгилеп коюу керек. 2017-жылы реабилитациялоочу программа кеңейтилип, “Альтер-Эго” Кыйноолордун курмандыктарын реабилитациялоочу борборго айланды. Борбордун штаты 6 адистен: психологдон, психиатрдан, социологдон, психотерапевттен жана кейс-менеджерден турат. 

Кыйноолордун курмандыктары үчүн реабилитациялоо программасына кабыл алынуу жана андан чыгуу критерийлери.

Бишкек шаарындагы «Альтер-Эго» Реабилитациялоо борборунун байланышуу даректери, Киев көчөсү, 69, кв.4. Тел.:  0312 91 04