Укуктук механизмдер

—♦—

Стамбул протоколу

Дарыгерлер, психологдор, медициналык кызматкерлер менен соттук-медициналык эксперттер кыйноолор колдонулган фактыларды жана ылайыксыз мамиле жасоонун башка формаларын далилдөө процессинде маанилүү роль ойнойт. Алар кыйноолордун издерин аныктоону жана натыйжалуу иликтөө жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматты топтоону камсыздайт. Медициналык кызматкерлердин кыйноолорду натыйжалуу документтештирүү боюнча милдети Стамбул протоколунда чагылдырылган.

2011-жылдан тартып Кыйноолорго каршы коалиция Стамбул протоколунун принциптерин Кыргызстандагы дарыгерлер менен психологдордун ишине имплементациялоо процессине активдүү катышууда. Бул иш КР Саламаттык сактоо министрлиги жана “Сорос-Кыргызстан” фонду менен биргелешкен өнөктөштүктө жүргүзүлөт. Аткарылган иш-аракеттердин натыйжасында КР ССМ 2014-жылы “Зомбулукту, кыйноолорду жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же ар-намысты басынткан мамиле менен жазалоону натыйжалуу документтештирүү боюнча практикалык колдонмонун” принциптерин аткаруу жөнүндө Буйрук (№649) чыгарган.

Коалициянын ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири – медициналык кызматкерлерди зомбулук жана кыйноолор фактыларын натыйжалуу документтештирүүгө окутуп-үйрөтүү болуп саналат. Айталы, 2015 – 2016-жылдары 363 адис мындай окутуудан өткөн. Кыйноолорго каршы коалиция окутуучуларды кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык институту менен кызматташты. Кыйноолорду жана башка ылайыксыз мамиле кылуунун формаларын натыйжалуу документтештирүү боюнча окутуу иштерин жүргүзүүгө даяр болгон 107 окутуучу окутуу курстарында билим алган.

  Стандарт документирования по Стамбульскому протоколу Роль медицинского работника в выявлении пыток

—♦—

Иликтөө

Кыргызстанда көпчүлүк учурда (90% ашуун) прокуратура органдары кыйноолор жөнүндөгү арыздарды кароодон баш тартышат. Мындай иштерди сотто кароо негизсиз эле создуктурулуп, кыйноолор менен ырайымсыз мамиле жасоо үчүн жеңил эле жаза берилген, мисалы, кылмыш жазасына шарттуу түрдө гана кесип койгон учурлар бар. Бул факторлор жазасыз калса болот турбайбы деген түшүнүктүн калыптанышына алып келип, кыйноолордун кеңири колдонулушун шартташат.

Мындай жазасыз калуулардын өзөктүү себептеринин бири – кыйноолор колдонулган фактыларды иликтөөнүн азыркы тутуму. Ал кыйноолордун курмандыктарын процессуалдык өзүм билемдиктен жана материалдык укук ченемдеринин бузулушунан коргоо  кепилдиктерин камсыздай албайт. Натыйжалуу иликтөө механизминин жок болушу тийиштүү жаза чегерилбей, демек, кенемтенин да төлөнүп берилбей калышына алып келет.

Кыйноолорго каршы коалиция кыйноолор колдонулган фактыларды эл аралык стандарттарга ылайык иликтөөнү ишке киргизүү менен алектенет. Бул эмне дегендик? Кыйноолор колдонулган фактыларды иликтөө натыйжалуу, көз карандысыз, тыкыр жана өз убагында жүргүзүлгөн болушу керек. Мындай иликтөөлөрдү жүргүзүү учурунда кыйноолордун курмандыктарына негизги укуктук кепилдиктер, укуктук жардам жана адилет соттук териштирүүлөр жеткиликтүү болушу зарыл.  

Ушул принциптерге шайкеш келген иликтөөлөр мыйзамдын мындан кийин да бузулушунун алдын алуу механизми болуу менен укук үстөмдүгү принцибинин сакталышына колдоо көрсөтүп, калктын укук коргоо, сот тутумдарына жана жалпы эле бийлик органдарына болгон ишенимин жогорулатат. Иликтөө механизми жазасыз калтырууну түп-тамырынан бери жоюуга, демек, күнөөлүүлөрдүн кылган иши үчүн сөзсүз жоопкерчилик тартуусуна көмөктөшүүсү зарыл.

Натыйжалуу иликтөөнүн механизмдерин илгерилетүү максатында 2016-жылы КР Башкы прокуратурасы жана Коалиция тарабынан олуттуу иштер аткарылды. Башкы прокуратурада кылмыш процессинин сотко чейинки стадиясында жарандардын укуктарынын сакталышына көзөмөл кылуу боюнча атайын бөлүм түзүлгөн. Кыйноолорго каршы туруу жана аларды иликтөө тактикалары менен усулдуктары жөнүндө колдонмо иштелип чыгып, Прокуратура кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун окуу программасына киргизилген.

—♦—

Стратегиялык соттошуулар – бул анын жардамы менен адам укуктары үчүн күрөшүүгө мүмкүн болгон ыкма болуп саналат. Мындай талаш-тартыштар соттук практикада же укукта туруктуу өзгөрүүлөргө жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кыйноолорго каршы коалиция кыйноолор, мыйзамсыз кармап, камакка алуулар, кыйноолорду натыйжасыз документтештирүү жана иликтөө учурларына каршы күрөштө стратегиялык соттошуулардын маанилүүлүгүн жана натыйжалуулугун аңдап-түшүнүү менен 4 соттук ишти демилгеледи.

Ушул соттук талаш-тартыштарды демилгелеген мезгилден бери бир жылдан ашуун убакыт өттү. Соттук отурумдарда мамлекеттик органдардын атынан (Каржы министрлиги, ИИМ, Прокуратура ж.б.) келиши керек болгон жоопкерлер келбей койгондуктан соттор создуктурулуп, улам кийинкиге жылдырыла берген учурлар арбын. Жактоочулардын пикиринде, мындай кадамдардын себеби – соттордун бейтараптуулук жана көз карандысыздык принциптеринин бузулушунда. Ошондой эле жактоочулар судьялар мамлекеттик орган жоопкер катары болгон доо арыздарды кантип карай турганын билбей турганын же карай албай тургандыгын айтып, алардан доо арызды алышын өтүнгөн учурлар болгонун белгилешет.