Улуттук мыйзамдар

КР Конституциясынын 22-беренеси  ар бир жаранга кыйноолордон жана башка адамгерчиликсиз, ырайымсыз же ар-намысты басмырлаган мамиледен же жазалоодон эркин болууну кепилдейт. Эркиндигинен ажыратылган ар бир адам өзүнө гумандуу мамиле жасалышына жана адамдык ар-намысынын сакталышына укуктуу. Тиешелүү түрдө билдирилип, күбөлөндүрүлгөн ыктыярдуу макулдугусуз адамдарга медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө тыюу салынат.

Мындай конституционалдык ченем Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында да чагылдырылган. 2003-жылы КР Кылмыш-жаза кодексине 305-1-берене киргизилген. Ага ылайык, кыйноолорго тыюу салынат жана мындай иш-аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

КР Кылмыш-жаза кодекси камакка алынган учурда ар бир адамдын бир катар укуктук кепилдиктери бар экендигин белгилейт. Бул процессуалдык ченемдердин сакталышы кыйноолордон эркин болууну ишке ашыруу үчүн маанилүү болуп саналат. Алар менен бул жерден кененирээк таанышууга болот.

Кыйноолордун жана ылайыксыз мамилелердин башка формаларынын алдын алуу кыйноолор менен күрөшүүдөгү натыйжалуу чара болуп саналат. 2008-жылдын декабрында Кыргызстан БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясына карата Факультативдик протоколду ратификациялады. Бул эл аралык макулдашууга ылайык, мамлекеттер эркинен ажыратуу жана чектөө жайларына такай барып тура турган көз карандысыз превентивдүү механизмди түзүүгө милдеттүү болушат. 2012-жылы КР Жогорку Кеңеши “Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор жөнүндө” КР Мыйзамын кабыл алды.

Кыргызстандагы Кыйноолорго каршы коалиция өлкөнүн кыйноолорго жана ылайыксыз мамилелердин башка формаларына каршы туруу жаатындагы улуттук мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча тутумдук мүнөздө иш алпарат.

Эл аралык стандарттар

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү болуп саналат. 1994-жылдан тартып өлкөбүз адам укуктары боюнча эл аралык макулдашуулардын аткарылышына активдүү түрдө кошулууда.

Кыргызстан 2 комитет үчүн – БУУнун Адам укуктары боюнча комитети (1994-жылдын 7-октябры) жана БУУнун Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрүн жоюу боюнча комитети (2002-жылдын 22-июлу) үчүн жеке даттанууларды кароо жол-жоболорун тааныды. Ал эми БУУнун Кыйноолорго каршы комитети жана БУУнун Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрүн жоюу боюнча комитети (2002-жылдын 22-июлу) үчүн Иликтөө жол-жоболорун тааныды. БУУнун макулдашуу органдарынын иши жөнүндө кененирээк маалыматты бул жерден окуп алса болот.

Кыйноолорго каршы коалиция мыйзамдарга тутумдук түрдө өзгөртүүлөрдү киргизүү жана иш жүзүндө колдонуу максатында БУУнун уставдык жана макулдашуучу сессияларына активдүү катышып турат. Кыйноолорго каршы коалициянын альтернативдүү баяндама түрүндө маалымат бериши өлкөбүздөгү кыйноолорго каршы туруу маселелерине байланышкан абалды калыс чагылдырууга мүмкүнчүлүк берет.

Азыркы тапта Кыргызстан кыйноолорго каршы күрөшүү тематикасы боюнча БУУнун уставдык жана макулдашуу органдарынан 97 корутунду сунуштамаларды алды.  

Бул сунуштамалар мамлекеттин кыйноолорго каршы туруу, иликтөө механизми, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү, Стамбул протоколунун принциптерине айкалышуу, сотторду, прокурорлорду, коопсуздук жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, түрмөлөрдүн, башка жабык мекемелердин кызматкерлерин даярдоо программалары жаатындагы саясатына тиешелүү. Бир катар сунуштамалар адилет соттук териштирүүлөргө болгон укукту камсыздоого, мыйзамдарды адам укуктары боюнча эл аралык стандаттарга ылайыктап өзгөртүүгө жана жабык мекемелердин жашоо-шартын жакшыртууну, анын ичинде даттанууларды кароонун жеткиликтүү жана натыйжалуу механизмдерин түзүүнү камсыздоого тиешелүү. Кыйноолордун курмандыктары үчүн зыяндын ордун толтурууга жана кенемте төлөп берүүгө болгон укукту ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр каралышы керек.

Сунуштамаларды ишке ашырууга жоопкерчиликтүү болгон мекемелер. Ички иштер министрлиги, анын ичинде — милиция, Юстиция министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандагы кыйноолорду жоюу үчүн жооптуу болгон негизги органдар болуп саналат. Бул тематикалык багыт боюнча улуттук жана эл аралык милдеттенмелерди аткаруу процессинде бийликтин бир катар башка органдары да өзөктүү роль ойношот. Алардын катарына Жогорку сотту жана анын Конституциялык палатасын, Башкы прокуратураны, Социалдык өнүгүү министрлигин, Каржы министрлигин, Билим берүү министрлигин, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборду, КР Акыйкатчысын (Омбудсмен), Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын, Соттордун окуу борборун, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин киргизсе болот.