Сегиз жылдан кийин Курманбектин кыйноого кабылганы аныкталды

Опубликовано Нагима Озокеева в

Ийгиликтүү жаӊылыктардын бири.

Сегиз жылдан кийин Курманбектин кыйноого кабылганы аныкталды.

2021 жылдын 12-январында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети Курманбек Чыныбековго карата кыйноо болгондугун тапты.

Комитеттин чечиминде айтылгандай, Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактынын беш пункту боюнча мыйзамды бузган. Тактап айтканда, кыйноолордон эркин болуу укугу бузулган, арыз боюнча натыйжалуу тергөө иштери жүргүзүлгөн эмес жана айыптоо кыйноолор менен моюнга алынганы негизделген.

Эскерте кетсек, Чыныбеков 2007-жылы мал уурулук боюнча соттолгон. Башка мал уурулук боюнча ачылбай калган кылмыштарды Чыныбековтун моюнуна алдыруу максаты менен, Жалал-Абад облусунун Аксы РИИБнин үч ыкчам кызматкери аны мыкаачылык менен кыйнашкан.

Курманбектин айтымында: «Кишендерди кийгизип, башымы, курсагымы, бөйрөктөрүмү муштумдары менен урушту.Милиция кызматкерлери абаны желим баштык менен тосуп, согончогуму таяк менен уруп, майдаланган калемпирди (» атом «) чайноого мажбурлашты, мен эсими жоготтум …».

Чыныбеков Аксы районунун прокурорунун дарегине аны кыйноого алган милиция кызматкерлерин жоопко тартуу жөнүндө арыз жазган. Бирок прокуратура кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Чыныбеков даттанган соттун үч инстанциясы тең, прокуратуранын кылмыш ишин козгоодон баш тарткан чечимин жокко чыгарган жок. Ошондуктан Курманбек «Справедливость» укук коргоо уюмунун юристтеринин жардамы менен БУУнун комитетине кайрылууга аргасыз болгон.

Кыйноолорго каршы коалиция бул чечимди кубаттайт. Өкмөт, Комитеттин бардык сунуштарын эске алат деп ишенебиз, анткени мындай укук бузуу фактылары биздин мамлекетте болбошу керек.

Рубрики: Жанылыктар