Достор, Кыргызстанда Кыйноолорго каршы коалициясы мини-конкурс жарыялайт.

Биздин конкурска катышып, өзүӊүздү ой пикириӊизди айтып белектерди утуп алыӊыз.

Конкурстун шарттары:
1) Биздин баракчага катталыӊыз✅
2) Жана эӊ башкы шарт, «кыйноо – бул эмне?» деген суроого ой пикириӊизди сториске чыгарыӊыз, жана биздин аккаунту белгилегенди унутпаӊыз✅
3) Жооп кыргыз тилинде болушу керек✅

Видео форматта болобу, жазылуу түрүндө болобу, айрымасы жок, эӊ маанилүүсү сиздин көз карашыӊыз.

Жоопторду 28-ноябрьга чейин күтөбүз.

Дуйшөмбү 30-ноябрь күнү 3 жеӊүүчүнү жарыялап, офиске чакырып белектерибизди тапшырабыз.

*Жеӊүүчүлөрдү Коалициянын коммисиясы жоопторго карай тандайт, ошондуктан сиздерден креативдуу, кызыктуу жана мазмундуу жоопторду күтөбүз.

Рубрики: Жанылыктар