А.Исаев 2019-жылдын октябрь айында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өз батиринде саат 22:00 таӊкы 04:00 чейин кыйноого кабылган.

Були иш боюнча Кыйноолорго каршы Коалициясынын мүчөсү «Кылым шамы» уюмдук фондунун адвокаты Агзам Душеналиев УКМКга арыз жазган бирок бүгүнкү күнгө чейин медициналык экспертиза өткөрүлгөн эмес жана бир дагы окуяга күбөө болгон адам сурака чакырылган эмес.

Сот А.Исаевге мыйзамсыз аракеттер болгонун мойундаганы менен УКМКнын тергөөчүсү Насиров тергөө иш-чараларын жүргүзбөй жатат.  

Азырку учурда коронавируска байланыштуу соттук иштер онлайн өтүп жатат бирок баары бир толук процесстер болбой жатат.

Төмөнкү видеодо Исаевдин апасы, эжеси жана адвокатты менен болгон маекти көрө алсаӊыз болот.

Кыргызстандагы Кыйноолорго каршы коалициясы күн сайын кыйноолордон жана катаал мамилелерден жапа чеккендерге акысыз юридикалык консультациялар өткөрүп турат.


Юридикалык консультация квалификациялуу юрист тарабынан күн сайын саат 9:00дөн 13:00гө чейин өтүлүп турат.