Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюмунун адвокаттары УККБнын тергөөчүнүн Жалал-Абад облусундагы аракетсиздигине каршы сотко кайрылууга ниеттенүүдө.  Укук коргоочулар бир жылдан ашык убакыттан бери Токтогул районунун Торкен айылынын тургуну 27 жаштагы Нурубеков Абжалга карата жасалган кыйноо иши териштирилип, сотко берилбей жаткандыгына нааразы.  Бирок бул соттук-медициналык жана соттук-психологиялык жана психиатриялык экспертизалар Абжалдын кыйноолорго дуушар болгонун көрсөттү.Иште дагы башка далилдер бар.

Төмөнкү сюжетте Абжалдын апасы Гулмира Шакирова баласынын абалы жөнүндө айтып берүүдө.