?
Facebook
Instagram
Telegram
Twitter

Ош облустук прокуратурасы, шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жабырлануучуга карата кыйноо фактыларын колдонгондугун аныктаган. Учурда прокуратура милиция кызматкерлерин жоопко тартуу үчүн материалдарды сотко жиберген.

Калбыш Маматисаковна, 1969-жылы туулган, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында тургуну АНПОнун «Адам Укуктарын Эдвокаси Центрине» кайрылган. Кайрылууга 1992-жылы туулган уулу Касымов Даниярга карата кыйноо фактыларынын жагдайы себеп болгон. 22-октябрь күнү, 2019-жылы, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында, үйүнүн жанында Д.Касымов, болжол менен саат 11:00 чамасында, чоочун адам өзүн тааныштырбастан келип, камакка алуу себебин түшүндүрбөй, жашы жете элек үч баланын көзүнчө кучактап, унаага сүйрөп, уулун белгисиз тарапка алып кеткен. Кийинчерээк белгисиз адамдар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ОКМ) кызматкерлери болушкан. Ички иштер башкармалыгына келгенден кийин, Тойчиеванын айтымында, ыкчам кызматкерлердин офистеринин биринде милиция кызматкерлери анын уулун мойнуна алуу үчүн кыйнашкан. Анын башына баштык кийгизип, муунтуп кыйнашкан, анын кесепетинен Данияр Касымов бир нече жолу эсин жоготкон. Натыйжада Д.Касымов дене жаракатынан жана психикалык травма алган.

Чогултулган материалдар кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестерине Кылмыш-жаза кодексинин (Кыйноо), (Мыйзамсыз эркинен ажыратуу), (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) жана (ыйгарым укуктарды ашкере колдонуу) беренелери боюнча каттоого алынган.

Мындан сырткары айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринин бөгөт чарасы катары үй камагы тандалып алынган. Ошондой эле соттук териштирүү учурунда шектүүлөрдүн бардыгы кызмат ордунан бошотулган.  Учурда сотко чейинки өндүрүш сотко кароо үчүн жиберилген.

Рубрики: Жанылыктар