Кыйноолорго каршы коалиция Жетинчи канал («7 канал») менен бирге атайын репортаж даярдады.

Сюжетте кыйноого кабылган Максат Жапаров жана анын үй-бүлөсү менен сүйлөштү, ошондой эле 10 жылдан бери чындыкты жана акыйкатты истеп келген Александр Тимонов баласы менен болгон окуяны айтып берди.

2019-жылы Башкы прокуратурада кылмыштарды бирдиктүү реестрине кыйноолор боюнча 366 арыз катталган. Бирок 14 кызматкерге карата 11 кылмыш козголгон. Кыйноодон жабыркагандар үчүн бул окуялар өмүр бою эсинен кеткис болуп калат, айрымдары ден соолугунан ажырап, психикалык оор травма алышат. Бул тууралуу психолог Перизат Асылбаева дагы айтып кетет.
Мыйзамдын үстөмдүгү жана мыйзам демократиялык коомду куруунун негизи деп эсептейбиз. Биргелешкен күч-аракеттердин жана ар бирибиздин аракетибиз менен гана кыйноолорго жана жазасыз калууга жол бербөөгө болот.

#Менкыйноогокаршымын кампаниясынын толук чыгарууларын көрсөӊүз болот