Тузак же ыктыярдуу ооруканага жаткыруу

2020-жылдын 25-февралында «Турмуш» маалыматтык порталы Жалал-Абад облустук психикалык саламаттык борборунда бейтап аялдын өзүн-өзү өлтүрүү аракети тууралу жашыруун факты боюнча маалымат жарыялаган.

Жарыяланган материалдан көрүнүп тургандай, Жалал-Абад психикалык саламаттык борборунун бейтабы өз жанын кыюуга аракет кылганынын себеби өз ыктыярдуу ооруканага жатуу процессин токтото албай, балдарынын жанына үйүнө бара албай калуусу. Ооруканада андан ары калуусун токтотууну каалагандыгын бейтаптын энеси да тастыктады.

Дарыгерлер бул фактыны жетекчиликтен жашырышып, бейтаптын дарылоосун оз көзөмөлунө алып улантышкан.

Бир айдан кийин Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү бул фактыны билишкен.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бейтаптын апасы арыз жазуудан баш тарткан.

Мен үчүн, адвокат катары, окуянын айрым фактылары жана жагдайлары көңүл бурдурду.

Ооруканага жаткыруу (госпитализациялоо)

28 жаштагы бейтап аялды психиатриялык мекемеге апасы ыктыярдуу турдо ооруканага жаткыруу максатында алып келген.

Психиатриялык мекемеге “жеткирүүсу” жана ооруканага жаткыруусу канчалык денгээлде ыктыярдуу болду экен деген суроо туулат?

Мыйзам психиатриялык жардамдын эки түрдуу жол менен караштырат: ыктыярдуу же мажбурлап ооруканага жаткыруу.

Ыктыярдуу ооруканага жаткыруу бейтаптын толук маалымдалгандан сон ыктыярдуу макулдугун алгандан кийин кабыл алынат. Дарыгер акыл-эси бузулуулары бар адамга жеткиликтүү формада жана анын психикалык абалын эске алуу менен, психикалык бузулуунун мүнөзү, максаттары, ыкмалары, анын ичинде альтернативдүү ыкмалар, сунуш кылынган дарылоонун узактыгы, ошондой эле мүмкүн болгон тобокелдик, терс таасирлер жана күтүлгөн натыйжалар жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.

«Позитивдүү Диалог» коомдук фонду тарабынан психиатриялык ооруканалардагы бейтаптар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолор бейтаптарды туугандары тарабынан алардын өз каалоосусуз ооруканага жеткирилүүсуу туруктуу тажрыйба экендигин көрсөтүп турат.

Айрым бейтаптарды ыктыярдуу турдо ооруканага жаткыруусуна байланыштуу күмөндөрдү Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбор билдирди. Улуттук борбор   билдиргендей, туугандары жеткирген бейтаптардын санынын 30% алдамчылык же күч менен жеткирилген. Дарылоого макулдук алуу учурлары бейтаптын өзүнөн эмес, анын туугандарынан алынганы байкалган.

Оорулуунун мекемеге туугандары тарабынан жеткирилиши объективдүү себептерден улам келип чыгышы мумкун экенин түшүнөм. Бирок бейтаптарды туугандары жеткирип бергени бейтаптын өз ыктыярдуу макулдугун эске албай, ооруканага жаткырылууга тийиш эмес. Тилекке каршы, мыйзам ооруканага жаткырылып жаткан учурдагы ээнбаштыктын тууган-туушкандары жана дарыгерлер тарабынан олуттуу укуктук кепилдиктерди бербейт.

Ооруканадан бошотуу

Ыктыярдуу түрдө ооруканага жаткыруу оз тарбынан ыктыярдуу бошотууну да билдирет!

Психиатриялык ооруканага өз ыктыяры менен келген пациенттин бошотулушу анын жеке арызы, анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы же дарылоочу дарыгердин чечими боюнча жүргүзүлөт. Бул сөздөрдүн аныкталышы туруктуу мааниге ээ эмес, анткени ал мыйзамдуу өкүлдүн же дарыгердин, же доктурлардын комиссиясынын ооруканадан бошотуу процессине кийлигишүүсүнө жол берет. Чындыгында акыркы маселеде, ыктыярдуу госпитализациялоону мажбурлап госпитализациялоого айлантуу жана ооруканага жаткыруу мөөнөтүн сот чечиши керек. Сүрөттөлгөн учурда, бейтап, клиникалык ооруканада дарыланып бүткөндөн кийин, соттун чечимисиз дагы бир жолу психиатриялык мекемеге жайгаштырылган!

Эмнеге, кайсы юридикалык негизинде, дарыгерлер ооруканадагы дарылоонусу улануусун чечип, жана эмне үчүн бейтаптын балдары менен биригүү үчүн мекемеден кетүүнү каалагандыгы эске алынбаганы тушунуксуз.

Тергөө

Кызын психиатриялык мекемеге алып келген эненин макулдугу же макул эместиги бейтаптын өз жанын кыюусу боюнча териштирүү иштеринен баш тартууга кандай тиешеси бар? Оорулуунун энесинин мындай кыймыл аракети, жок дегенде, укук коргоо органдарынын көңүлүн бурушу керек. Бирок, “Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул фактыны тастыктап, бейтаптын апасы арыз жазуудан баш тарткандыгын маалымдады. Текшеруу журуп жатат! «

Эмнени текшерип жатасыз? Ооруканага жаткыруунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүнбу? Өз өмүрүн кыюуга аракет кылганынбы же жокпу? Кызматкерлер өз милдеттерин аткарып жаткандыгынбы?

Айтмакчы, жакында эле Ош шаардык соту бир кишини өз агасынын психиатриялык мекемесине мажбурлап ооруканага жаткырганы үчүн өкүм чыгарган. Бул иштин чоо-жайын билбей туруп, ыктыярдуу госпитализация аркасынан жашырылган мажбурлап госпитализация кылынуунун практикасы бар экендиги анык.

Тузак

Туугандары жана дарыгерлери соз байлашып калган болсо юридикалык жардам көрсөтүү дээрлик мүмкүн эмес. Адвокаттын бейтапка жана анын медициналык документтерине, бейтаптын телефон менен колдонууга врачтын пикири менен чектелген.

Туугандарынын жардамы же сунушу аркылуу психиатриялык мекемеге тушуп калган бейтаптын жагдайы тузакка айланат. Консультация алуу үчүн дарыгерге баруу ооруканага жаткырылып, өз убагында бошотулушунун кепилдигисиз, ошондой эле олуттуу укуктук кесепеттери бар диспансердик эсепке алынышы мүмкүн.

Окуяны текшерүүнүн ордуна, компетенттүү органдар толук иликтөө жүргүзөт деп үмүттөнүп, ушул тапта бир нече ойлорду азырынча талкууда эсепке албадым.

— Жашоого болгон укук

— Дары-дармек каражаттарын кыйноо, зордук жол менен кабыл алуудан эркин болуу (ыктыярдуу ооруканага жатуу үчүн мажбурлап дарылоо канчалык мыйзамдуу.)

— Бейтаптарды ыктыярдуу госпитализациялоого текшерүү жүргүзүү

— Диспансердик (психиатриялык) эсепке алуусу

Уландысы бар………….