Нурдин Сулайманов, КР Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору — «Адамдын аза боюн дүркүрөткөн кыйноолор тууралуу укканда жүрөк титирейт»

– Нурдин Эсенович, Улуттук борборду түзүү зарылдыгы эмнеден келип чыкты?

– КР Конституциясынын 6-беренесинде: «Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамдар менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат», – деп көрсөтүлгөндөй, Кыргызстандын БУУнун кыйноолорго каршы конвенциясынын Факультативдик протоколуна ылайык милдеттенмелери бар. Мына ушул 2006-жылдын июнь айында кабыл алынган Факультативдик протокол эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын ала баруулар системасы үчүн жаўы эл аралык негизди түздү. Кыргызстан постсовет мейкиндигинде биринчилерден болуп, кыйноолорго толугу менен тыюу салууну орнотуучу адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялаган мамлекеттердин катарына кирет. Өз кезегинде бул Факультативдик протокол – Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналган эл аралык келишимдердин бири болуп саналат. Кыргыз Республикасы тарабынан 2008-жылдын декабрь айында факультативдик протоколдун ратификацияланышы жана 2012-жылдын 12-июлунда кабыл алынган «Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КР улуттук борбору жөнүндө» КРнын №104 мыйзамынын кабыл алынышы адамдын кыйноолордон эркин болуу укугун коргоо чөйрөсүндөгү толугу менен жаўы көз карандысыз мамлекеттик органдын пайда болушуна, республиканын улуттук алдын алуу механизминин түзүлүшүнө жана иштешине шарт түздү

– Улуттук борбордун алдына коюлган максаттар жана аткарган милдеттерине токтолуп кетсеўиз?

– Жогоруда айтып кеткенимдей, Кыйноолорду алдын алуу боюнча КР Улуттук борбору БУУнун Факультативдик протоколу боюнча биздин өлкөнүн милдеттенмелерин турмушка ашыруу максатында түзүлгөн. Башкача айтканда, улуттук деўгээлдеги Факультативдик протокол аркылуу алдын алуунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы. Улуттук борбор – Кыйноолорду алдын алуу боюнча комитетчесинин мандатындай мандатка ээ. Мыйзамга ылайык, Улуттук борбордун негизги максаты – эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кармалган адамдарга карата кыйноолордун жана катаал мамиленин алдын алуу жана кармоо шарттарын жакшыртууга көмөктөшүү болуп саналат. Ал эми Улуттук борбордун милдеттери тууралуу айтсак, эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кыйноолордун жана катаал мамилелердин алдын алуу жана кармоонун шарттарын жакшыртуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу, координациялоо жана анын аткарылышына көз салуу, анын ишке ашырылышына көз салуу; кыйноолорду жана катаал мамилени алып келүүчү себептерди жана шарттарды четтетүүгө багытталган агартуучулук жана билим берүүчүлүк иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; кыйноолорго каршы күрөшүү жаатындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө көмөктөшүү; коомдо кыйноолорго карата келишпестикти калыптандыруу жана алар менен күрөшүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүү болуп саналат

– Демек, ар бир жаран өз укук жана эркиндиктери тууралуу билиши, укуктук жактан сабаттуу болушу шарт турбайбы?

– Албетте! Ар бир адам жана жаран өз укуктарын жадыбалдай жатка билиши шарт. Бул укуктук коомду куруудагы ар бирибиздин кошкон үлүшүбүз деп айтсак жарашат. Ошол эле биз сөз кылган Баш мыйзамдын 16-беренесинде — «Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери» деген бөлүмүндө: «Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык. Адам укуктары менен эркиндиктери эў жогорку баалуулук болуп эсептелет. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары жана эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат», – деп ак-карасынан жазылып турат. Демек, адам укуктары жана эркиндиктери алтынга да алмашкыс баалуулук. Баш мыйзамда адам укугу жана эркиндиктерин кепилдеген көп беренелер бар. Айталы, 22-беренеде: «Эч ким кыйноолорго, башка адамгерчиликсиз, мыкаачылык же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазалоого туш болушу мүмкүн эмес», – деп адамдын кол тийгистигин жана эркиндигин кепилдейт. – Баш мыйзамда жана башка мыйзамдарда адам укугуна байланышкан жана эркиндигин кепилдеген көп беренелер болгону менен, статистикалык маалыматтар башканы айтып жатпайбы. Алсак, Кыргызстандагы кыйноо фактыларынын 96% коомдук тартиптин сакчылары болушкан милициялар тарабынан жасалат экен. Биздеги колдогу маалыматтарга караганда, 2016-жылы милициянын 120 кызматкерине карата 48 кылмыш иши козголуптур. Укук коргоо орган кызматкерлери өздөрү укук бузуп жатса, башка нени айтууга болот?

– Ооба, өтө өкүнүчтүү нерсе. Милиция органдарынын кызматкерлерине карата нааразылыктар көп. 2016-жылы Кыйноого каршы мүчө-уюмдарга кыйноонун колдонулушу жана кыйноонун курмандыктарына укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө арыз менен 112 адам кайрылган. Алардын ичинен 72 арыз өндүрүшкө алынган жана укуктук жардам көрсөтүүнүн ар түрдүү стадияларында турат. Кыйноонун курмандыктары катары болжолдонгон 93% арыз ээлерин эркектер, 7%ын аялдар түзөт.

— Улуттук борборго кайрылуулардын статистикасы тууралуу айтсак, даттануулардын көбү ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата келип түшкөн. 2016-жылы Коалицияга ички иштер органдарынын 132 кызматкери, КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын он кызматкери, КР УКМКнын үч кызматкери, БКМКнын эки кызматкери тарабынан кыйноо жана катаал мамиле колдонгонуна даттануулар келип түшкөн. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасы боюнча укук коргоо органдарынын 48 кызматкерине кылмыш жасоого айыптоо коюлган.

– Кыйноого туш болгон арыз ээлеринин жаш курактары кандай? 

– Даттануу менен кайрылгандардын 60%га чукулу 25-45 жаштагылар, 20%дан ашыгыраагы 19-24 жаш курактагылар. 

– ИИМ түзүмүндөгү кайсы ички иштер бөлүмдөрүнө карата даттануулар көп? 

– Кыйноону колдонууга карата баарынан көп даттануу Ош шаарынын ИИБне, Бишкек шаарынын Свердлов жана Октябрь райондук ИИБнин кызматкерлерине карата келип түшкөн. Алсак, Ош шаардык ИИБнин 18 кызматкерине, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБдин 17 кызматкерине, Октябрь райондук ИИБнин 12 кызматкерине карата даттануулар болгон. 

– Кыйноолорду жана катаал мамиле кылууну колдонууга алып келүүчү системалык себептер кайсылар?

– Мыйзам чөйрөсүндөгү жана укук колдонуу практикасынын көйгөйлөрү; кыйноо фактыларын изилдөөнүн майнаптуу эместиги; кыйналган жактарга күнөөлүүлөрдү жазалабоо; камакка алуу жана камакка алуу жайы жөнүндө туугандарына кабарлообо же өз убагында кабарлабай коюу; шектүүлөрдүн, айыпталгандардын, соттолуучулардын кызыкчылыктарын коргоого адвокаттардын натыйжалуу эмес иштери; кесипкөй эместик, кадрлардын начар даярдыгы, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин адам укуктарынын негиздери жана эркиндиктери жөнүндө билиминин жоктугу; соттордун моюнга алуу көрсөтмөсүнө таянуу тенденциясы, соттордун аларга кыйноо колдонулгандыгы жана күч колдонуу жана психологиялык басым менен моюнга алуу жүргүзүлгөндүгү жөнүндө соттолуучунун арызына соттордун тиешелүү түрдө маани бербегендиги.

– 2016-жылдагы кыйноо маалыматтарынын арасында, зордуктоо үчүн шектелген 18 жаштагы өспүрүмдү төрт милиция кызматкери ага кылмыш ишин мойнуна алдыруу үчүн тырмагынын алдына ийне сойлоткон факты бар экен. Тээ илгери Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында фашисттер колго түшкөн туткундарды тырмагынын алдына ийне сойлотуп кыйнаган деп укканбыз. Эгер, милиция минтип кыйнаса 18 жаштагы өспүрүм эмес, 40 жаштагы адам деле кылбаган кылмыш ишин жасадым деп көрсөтмө бербейби?.. 

– Туура баамдагансыз. Эгер Кыргызстанда 100 кыйноо фактысы катталса, анын 96%ти милиция кызматкерлери тарабынан жасалат жана 84,8% кыйноолор кылмыш ишине тийиштигин мойнуна алдыруу максатында болот деген статистика бар. Тилекке каршы, тырмактын алдына ийне сайып, көрсөтмө алган фактылар бар. Кыштын кыраан чилдесинде үстүнө муздак суу куюп кыйнаган учурган кездешет. Согуш убагында генерал Карбышевди фашисттер үстүнө муздак суу куюп кыйнашкан. Желим баштыктарды шектүүлөрдүн башына кийгизип кыйнаган фактылар да кеўири. Желим бөтөлкөгө суу куюп, мээнин кара куш бөлүгүнө урган фактылар да бар.

– Милиция кызматкерлерине минтип кыйноо иштерине мыйзам жол береби?

– Жол бербейт. Кайрадан эле Баш мыйзамга кайрылалы! Баш мыйзамдын «Адам укуктары жана эркиндиктери» бөлүмүндө – 24-беренесинде: «Кармалган ар бир адамга, токтоосуз түрдө, кармоонун жүйөлөрү менен анын укуктары түшүндүрүлүп, медициналык жактан кароо жана врачтын жардамынан пайдалануу укугу менен кошо, анын укугу камсыз кылынышы керек». КР Кылмыш-жаза кодексинде «Кыйноо» боюнча атайы берене бар. Кодекстин 305-1-беренеси боюнча «кайсы бир адамга андан же башка адамдан маалымат алуу же аны мойнуна алдыруу, ал же башка адам жасаган же жасады деп шек туудурган жосун үчүн» бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланары каралган

– Катаал ыкмалар менен кыйнап жатып, канчалаган адамдардын тагдырын талкалап жатышат?.. 

– Бул адамдык фактор. Жогоруда айтканымдай, мыйзам кылмышка шектүү адамдарды кыйноо менен көрсөтмө алганга жол бербейт. Укук коргоо кызматкерлерине көлөкө түшүргөн жарандарыбыздын көкүрөгүнө Кудай ыйман берсин деп айткандан башка айла жок. Биз болсо өз тарабыбыздан кыйноолорду болтурбоо үчүн колдон келген аракетибизди жасап жатабыз.

– Улуттук борбор түзүлгөндөн берки аралыкта кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилени алдын алуу багытында муз ордунан козголду деп айтсак болобу? 

– Албетте. Кыйноолор мурдагыдай эле колдонулуп жатканына карабастан, муз ордунан козголду деп айта алабыз. Кыйноолордун масштабын белгилөө абдан оор, анткени көп учурда кыйноо фактылары катталбайт. Анткени, кыйноолорго даттануу пайдасыз, кооптуу деген коомдук пикир бар. Ошентсе да, бүгүнкү күндө түзүлгөнүбүзгө аз болгонуна карабай, коомчулук биздин Улуттук борбор тууралуу билип калышты. Биз кыйноолорду болтурбоо багытында мыйзам чегинде мыйзамсыз иштерге каршы иш алпара беребиз. 

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»

Рубрики: Аналитика.

0 комментариев

Добавить комментарий