“Сорос-Кыргызстан” фондунун Европа бирлиги тарабынан каржыланган биздин өлкөдө кыйноолорду алдын-алуу боюнча мамлекеттик органдар менен системалуу иштөөгө тиешелүү долбоору аяктаганга жакын калды. Фонддун аткаруучу директорунун милдетин аткаруучу Нуриана Картанбаева биздин кабарчыбыз менен маегинде долбоордун кайсы натыйжаларын “кол менен кармап көрүүгө” боло тургандыгын жана судьялар корпусу жана милиция менен иштөө “Сорос-Кыргызстан” фонду үчүн жакынкы мезгилге артыкчылыктуу болуп каларын айтып берди.

Нуриана Картанбаева, СКФ Укуктук программанын директору / аткаруучу директордун милдетин аткаруучусу 

– Кыйноолорду болтурбоо иши менен фонд Евробирлик менен долбоорго чейин эле алектенген. Сиздердин мурдагы иш акыркы эки жылдык ишмердүүлүктөн эмнеси менен айырмаланган?

– БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысынын рекомендацияларынын бири медициналык документтештирүүгө тийиштүү болгон, себеби кыйноолор далилденүүгө тийиш. Атайын баяндамачы күнөөлүүлөрдү жазалоо татаалдыгын, себеби жакшы натыйжалуу медициналык документтештирүү жоктугун айткан. “Сорос – Кыргызстан” фондунун укуктук программасы 2014-жылдан баштап кыйноолорду жана катаал мамилелерди медициналык документтештирүү тематикасы боюнча иштей баштаган. Ал мезгилде биз бул иште өз эркин көрсөткөн Саламаттыкты сактоо министрлигине (ССМ) натыйжалуу медициналык документтештирүү стандарттарын киргизүүгө жардам берели дедик. Ошентип кыйноолорду документтештирүү стандарттары пайда болду. 2015-жылы бул стандарттарды врачтардын күнүмдүк практикасына киргизүү менен активдүү алектендик. Себеби стандарттын болушу бир кеп, а врачтардын көп миўдеген армиясынын бүт өлкө боюнча колдонуусу, өз аў-сезимин жана пациентке мамилесин өзгөртүүсү – башка кеп. Бул иштин чоў катмары, ошондуктан биз бул масштабдуу маселеде Саламаттыкты сактоо министрлигине жардам берүү үчүн бизге ресурстар жетишсиз экенин түшүндүк жана Европа бирлигине кайрылдык, кошумча ресурстарды тарттык жана акыркы эки жылда биргелешкен долбоорду жүзөгө ашырдык. Долбоордо маселелердин чоў топтому медициналык документтештирүүгө, ССМ, Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду (ММКФ), соттук эксперттик кызматтар менен иштөөгө тийиштүү болду. Биз жарандык коом менен да иштештик. Бирок кыйноолор проблемасы системалуу. Аны чечүү үчүн өтө көп нерсе жасалды, бирок дайыма проблеманы түп-тамырынан, чечкиндүү түрдө чечүүгө жардам берүүчү ачкычты, маанилүү звенону тапкыбыз келди. Биз бул процесске башка оюнчуларды тартуу зарылдыгын да түшүнгөнбүз, ансыз проблема ордунан жылмак эмес. Ошондуктан Евробирлик менен долбоордун алкагында Кыйноолорду алдын-алуу боюнча улуттук борбор, Кыйноолорго каршы өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) коалициясы, Башкы прокуратура, адвокатура жана судьялар корпусу менен активдүү кызматташа баштадык. Бул долбоордо биз баарын “Кыйноолорго каршы аракеттерди бириктирүү менен” урааны астында бириктиргибиз келди, себеби ар бир звено өз ролун ойнойт жана бардык оюнчулардын ортосунда байланышты камсыздоо зарыл.

– Сиздер мында грант берүүчү катарында болдуўуздарбы же эксперт катарындабы?

– Тигиниси да, мунусу да катарында болдук. Биз өзүбүзгө координациялоочу ролду алдык жана алынган ресурстардын көп бөлүгүн гранттар түрүндө Кыйноолорду алдын-алуу боюнча улуттук борборго, Кыйноолорго каршы ӨЭУлардын коалициясына бөлдүк. Дагы бир чоў бөлүгүн биз өзүбүз имплементациялаган (иш жүзүнө ашырган) ишмердүүлүккө – техникалык жана эксперттик колдоого багыттадык.

– Сизди долбоордун натыйжалары канааттандырдыбы?

– Ооба десем да, жок десем да болот. Биз Кыргызстанда кыйноолор проблемасын чечтик деп бир жактуу айта албайбыз. Биз буга жетишүү кыйындыгын түшүнгөнбүз. Аны биздин фонд эмес, мамлекет өз деўгээлинде чече алат. Биздин ролубуз мында көмөкчү болуу. Долбоордун алкагында БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинин төрагасы Йенс Модвиг, БУУнун Кыйноолорго каршы атайын баяндамачысы, кыйноолорго каршы комитетчесинин мүчөлөрү Кыргызстанга келишти. Башкача айтканда, биз Кыргызстанда кыйноолор менен күрөшүүнүн макамын эл аралык деўгээлге көтөрдүк, көўүл бура алдык жана биздин Саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп чыккан тажрыйбаларды көрсөттүк. Бул өўүттө биз Борбор Азияда алдыдабыз, себеби документтештирүү стандарттары постсоветтик мейкиндикте башка эч жерде киргизилген эмес. Тилекке каршы, статистика кыйноолордун ачылуу жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу учурлары көп өзгөрбөгөндүгүн көрсөтөт. Мындан биз баары эле медициналык документтештирүүгө келип такалбагандыгы тыянагына келдик. Башында биз долбоорду документтештирүүнүн жана жакшы далил базасынын болушу ишти тергөөгө жардам берүүгө тийиштиги жөнүндө ой менен баштаганбыз, бирок иш жүзүндө жада калса жакшы күбөлөндүрүүнүн жана корутундунун болушу да күнөөлүүлөрдүн жазаланышына алып келбегендигин көрдүк. Биз проблеманы жакшы түшүнүп калдык жана мындан-ары кандай аракеттенүүнү билебиз.

– Сиздерди Евробирлик колдогон долбоор аяктап жатат. Бирок кыйноолорду болтурбоо менен алектенүүнү уланта бермекчисиздер. Кайсы багытта болот?

– Азырынча биз 2016-жылга чейинкидей эле өз ресурстарыбыз менен уланта бермекчибиз. Финансылоонун башка мүмкүнчүлүктөрүн да издемекчибиз. Медициналык документтештирүү – панацея болбогондуктан, кыйноо жасагандар менен көбүрөөк иштөөнү, алар эмне үчүн болуп жатканын аныктоону, башкача айтканда ички иштер органдары жана судьялар менен активдүү кызматташууну, кыйноолорду иликтөө проблемасын изилдөөнү чечтик. Биз көптөгөн иштер жада калса жакшы тергөөдө да сотко чейин жеткенин, бирок ал жерде жокко чыгып калганын же алар тиешелүү түрдө каралбаганын көрдүк.

– Көбүнчөсү иш укуктук база менен байланышса керек, себеби милиционерлердин аў-сезимин өзгөртүү татаал эмеспи?

– Биз милиция менен кантип иштешүү, эмне натыйжалуу экендиги боюнча көп ойлондук, өнөктөштөр менен жолугуштук. Укук коргоо органдарын реформалоо көп жолу башталган, бирок дайыма токтоп калчу. Ошондуктан биз анализдеп жана кыйноолорду алдыналуу боюнча процесске каерден жана кантип кошулуу жакшы экенин түшүнгүбүз келет. Негизги басымды милициянын ишин баалоонун критерийлерине жасамакчыбыз, себеби проблемалар лардын өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө муктаж. Ошондуктан судьяларды массалык окутуу керек. Биздин сот системасында качандыр бир убакта кыйноолор боюнча болуп өткөн бардык иштердин каралышын анализдеп чыгуу да кызыктуу. Алар анчалык көп эмес: 30- 40тай, бирок алардын объективдүү анализденилиши сот системасында кандай проблемалар бар экендигин түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Башкача айтканда болочокто биз проблеманы жакшы түшүнүү үчүн аналитикага, изилдөөгө көбүрөөк көўүл бургубуз келет: проблеманы канчалык жакшы билсеў, аны чечүү механизмдерин иштеп чыгуу ошончолук жөнөкөй эмеспи. Негизи талылуу чекиттерди табуу керек. 

– Сиздер жарандык сектор менен активдүү иштедиўиздер. Укук коргоочулардын деўгээли өскөнүн жана кайсы жерде потенциалды жогорулатуу керектигин көрүп турасыздарбы?

– Аяктап жаткан долбоордун максаттарынын бири – ӨЭУлардын кыйноолорго каршы потенциалын күчөтүү. Мен долбоор абдан жакшы натыйжаларга жетишти деп ойлойм. Жарандык сектор өзүнүн укуктук жардамын унификациялады. Мурда уюмдар өздөрүнүн мыкты практикаларын колдонушчу, а азыр биз баарын бирдиктүү стандартка алып келдик. Азыр ӨЭУлар жалпы статистиканы бере алышат, кейстер боюнча кандайдыр бир анализди жасап жана талылуу жерлерин аныктай алышат. Бул – тажрыйба алмашуу жана жалпы стратегиялоо. Биз коммуникациялык стратегияны иштеп чыгууга да жардам бердик.

– Сиздер мамлекет бул темага активдүү тартылат деп эсептейсиздерби же үмүтүўүздөр жокпу?

– Укук коргоо органдарын реформалоого карата саясий эрк билдирилген. Бирок бул кайра түзүүлөр практикада кандайча жүзөгө ашырылары белгисиз. Менин көз карашымда, кыйноолорго каршы аракеттенүүдө эмнелер маанилүү? Алар бул процессти жүргүзүшкөн, контролдошкон, мониторингдешкен, кыймылдаткыч күчү болушкан саясий салмагы, саясий эрки бар адамдар керек. Мамлекет өзүнө жоопкерчилик алмайынча жана бул боюнча бир нерсе жасоону кааламайынча, жарандык коом жана донорлор өз алдынча проблеманы чече алышпайт.


Маектешкен Т.ИСХАКОВ 

Рубрики: Аналитика.

0 комментариев

Добавить комментарий