Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар жөнүндө 5 кызыктуу фактылар

Бейөкмөт уюмдар Кыргызстанга зыян келтирет деген ишенимсиз пикир бар. Бул видеодо Кыйноолорго каршы Коалициянын мүчѳсү – АНПО “Эдвокаси центр по правам человека” бейөкмөт уюмдардын Кыргызстандын жарандарына алып келүүчү артыкчылыктарын көрсөтѳт.

Кылмыш кылганын мойнуна алган шектүү видеого тартылышы керек

Шектүү күнөөнү моюнга алган учур видеого тартылышы керек. Бул тууралуу “Азаттыктын” “Арай, көз чарай” долбоорунун түз эфиринде “Справедливость” уюмунун өкүлү Нурислам Раимжанов билдирди. Адистин айтымында, айрым учурларда бейкүнөө адамдар, кыйноодон улам кылбаган кылмышты мойнуна алышат.

Ааламдагы эң кымбат адамдардын укугу

Ааламдагы эң кымбат адамдардын укугун, азыр тебелеген замана Акыйкаттын жоктугун айтпасаң билет эл деле Соттор бар азыр ондогон Сому барларды колдогон, сому жокторду кордогон Каалаган чечим чыгарып, тагдырлар менен ойногон Кубат Тукешов

10-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк адам укугун коргоо күнү

Бүгүн 10-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк адам укугун коргоо күнү. Бардык адамдар эркин жана теӊ укуктуу болуп төрөлүшөт. Ар бир адам жашоо жана эркиндик укугуна, пикир жана сөз эркиндиги укугуна, иштөө жана билим алуу укугуна ээ. Жана ошондой эле кыйноолордон эркин болуу укугуна ээ. Мен, сен, биз теӊ, кадыр-барктуу жана эркин Читать дальше…

А.Исаев өз батиринде саат 22:00 таӊкы 04:00 чейин кыйноого кабылган

А.Исаев 2019-жылдын октябрь айында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өз батиринде саат 22:00 таӊкы 04:00 чейин кыйноого кабылган. Були иш боюнча Кыйноолорго каршы Коалициясынын мүчөсү «Кылым шамы» уюмдук фондунун адвокаты Агзам Душеналиев УКМКга арыз жазган бирок бүгүнкү күнгө чейин медициналык экспертиза өткөрүлгөн эмес жана бир дагы окуяга күбөө Читать дальше…

«Ата — өчпөс чырак, Эне — соолубас булак»

Башталып Адам ата, Обо энеден, Аял затын сыйлап келген илгертеден. Энелерди бийик коюп, даңазалап, Эзелтеден аялдардын баркын билген. Ушул төрт сап ырдын ичинде аял затына болгон мээримди, аял затына аяр мамиле жасоону, урматтоону, сыйлоо сезимин ойготуу максаты менен Коалициянын волонтеру Адина Кумушбекова ыр жазды. Коалициянын мүчөсү Центр содействия международной защите Читать дальше…

Кыйноолорго каршы коалиция Жетинчи канал («7 канал») менен бирге атайын репортаж даярдады.

Сюжетте кыйноого кабылган Максат Жапаров жана анын үй-бүлөсү менен сүйлөштү, ошондой эле 10 жылдан бери чындыкты жана акыйкатты истеп келген Александр Тимонов баласы менен болгон окуяны айтып берди. 2019-жылы Башкы прокуратурада кылмыштарды бирдиктүү реестрине кыйноолор боюнча 366 арыз катталган. Бирок 14 кызматкерге карата 11 кылмыш козголгон. Кыйноодон жабыркагандар үчүн бул Читать дальше…

ЖАЗЫК- ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИНИН 442-СТАТЬЯСЫНА ТҮЗӨТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА

Коалиция Өкмөт “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жазык мыйзамы жаатында өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун демилгелеп, эски тажрыйбаны кайтарууга аракет кылып жаткандыгын жазды. Адам укуктары боюнча Жогорку комиссардын кеңсесинин аймактык өкүлчүлүгү нота вербалын бергенине, ошондой эле эски нормалардын киргизилип жаткандыгына тынчсыздангандыгына жана  Жогорку Кеңештин комитети Парламентке сунуштарды бергенине карабастан, депутаттар Читать дальше…

«Карга, карганын көзүн чокубайт!» – деген принциптен улам күч органдарынын кызматкерлери жазаланбай жатат

«Карга, карганын көзүн чокубайт!» – деген принциптен улам күч органдарынын кызматкерлери жазаланбай жатат. Бул системалык проблеманы Next TV телеканалындагы «Тегирмен» программасында талкууалдык. Эфирдин коноктору: Кыйноолорго каршы коалициянын Аткаруучу директору – Индира Саутова; КР Акыйкатчынын орун басары – Ерлан Алимбаев; Кыйноого кабылган Максат Жапаровтун апасы – Светлана Акмолдоева. Биздин иш-чараларды дайыма Читать дальше…

Түрмөдөгү кыйноо — тирүүлөй тозок

«Офицерлердин катарында жылаңач отурдум», «Абакта башыма пакет кийгизип урушту…», «…Оозум канга толду. Түкүрсөм, урмак». Абактагы адам чыдагыс азап. Кыйноону башынан өткөргөндөрдүн баяны. Бийликтин аракеттери.