Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар жөнүндө 5 кызыктуу фактылар

Бейөкмөт уюмдар Кыргызстанга зыян келтирет деген ишенимсиз пикир бар. Бул видеодо Кыйноолорго каршы Коалициянын мүчѳсү – АНПО “Эдвокаси центр по правам человека” бейөкмөт уюмдардын Кыргызстандын жарандарына алып келүүчү артыкчылыктарын көрсөтѳт.

Кылмыш кылганын мойнуна алган шектүү видеого тартылышы керек

Шектүү күнөөнү моюнга алган учур видеого тартылышы керек. Бул тууралуу “Азаттыктын” “Арай, көз чарай” долбоорунун түз эфиринде “Справедливость” уюмунун өкүлү Нурислам Раимжанов билдирди. Адистин айтымында, айрым учурларда бейкүнөө адамдар, кыйноодон улам кылбаган кылмышты мойнуна алышат.

Ааламдагы эң кымбат адамдардын укугу

Ааламдагы эң кымбат адамдардын укугун, азыр тебелеген замана Акыйкаттын жоктугун айтпасаң билет эл деле Соттор бар азыр ондогон Сому барларды колдогон, сому жокторду кордогон Каалаган чечим чыгарып, тагдырлар менен ойногон Кубат Тукешов

Сегиз жылдан кийин Курманбектин кыйноого кабылганы аныкталды

Ийгиликтүү жаӊылыктардын бири. Сегиз жылдан кийин Курманбектин кыйноого кабылганы аныкталды. 2021 жылдын 12-январында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети Курманбек Чыныбековго карата кыйноо болгондугун тапты. Комитеттин чечиминде айтылгандай, Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактынын беш пункту боюнча мыйзамды бузган. Тактап айтканда, кыйноолордон эркин болуу укугу Читать дальше…

Жаӊы 2021-жылыӊыздар менен!

Урматтуу достор, кесиптештер жана өнөктөштөр! Кыргызстанда кыйноолорго каршы коалициясы сиздерди келе жаткан Жаӊы жылыӊыздар менен куттуктайт! Жаӊы жыл кыргызстандыктарга бакты таалай, ар бир үй-бүлөгө чыӊ ден-соолук, тынччылык жана жаркын маанай алып келсин! Жаӊы 2021-жылыӊыздар менен!

10-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк адам укугун коргоо күнү

Бүгүн 10-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк адам укугун коргоо күнү. Бардык адамдар эркин жана теӊ укуктуу болуп төрөлүшөт. Ар бир адам жашоо жана эркиндик укугуна, пикир жана сөз эркиндиги укугуна, иштөө жана билим алуу укугуна ээ. Жана ошондой эле кыйноолордон эркин болуу укугуна ээ. Мен, сен, биз теӊ, кадыр-барктуу жана эркин Читать дальше…

#ЗомбулуккаКаршы16күн

Зордук зомбулук иштеринде ДАЙЫМА ал нерсени жасаган адам күнөөлүү. Ал өзүнүн иш-аракеттери менен адамга зыян келтирет жана үй-бүлө жана коом үчүн оор кесепеттерге алып келет. Зордук-зомбулуктун түрлөрү: үй-бүлөлүк зомбулук жана кол салуу, адам сатуу, сексуалдык зомбулук, майып жыныс органдары  жана жаш кыздарга нике кыйуу. Биз эч кандай формада зомбулукка жол Читать дальше…

Май айындагы мунапыс өз максатына жеткен жок

Кыргызстандын «Кыйноого каршы коалиция» уюму быйыл май айында жарыяланган мунапыс өз максатына жеткен жок деп эсептейт. 4-декабрда уюмдун расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, мунапыс тууралуу мыйзам долбоору жазылып жатканда 3 миңден ашуун киши жөнүндө айтылган, бирок иш жүзүндө 959 адам мунапыс алды. 959 адамдын арасынан эркинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан Читать дальше…

МУНАПЫСТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Жалпы адам укуктарына урмат көрсөтүү максатында май айында “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс” мыйзамы жарыяланган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирип жана алты айдын ичинде аткарылууга тийиш. Май айындан баштап бүгүнкү күнгө чейин 6 ай убакыт өттү. Читать дальше…

«Улуумду кыйнап «моюнуңа ал» деп сабашкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан баңгизатка шектүү катары кармалган милиция кызматкеринин жакындары ал мыйзамсыз кармалганын жана кыйноого кабылганын билдирип чыгышты. Быйыл 12-мартта Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкери келе жаткан машинени токтотуп, баңгизатка байланыштуу кылмышка шектүү катары милициянын капитаны Айбек Жакыповду кармаган. УКМКнын маалыматына караганда, Жакыповду кармоо Читать дальше…

КОНКУРС

Достор, Кыргызстанда Кыйноолорго каршы коалициясы мини-конкурс жарыялайт. Биздин конкурска катышып, өзүӊүздү ой пикириӊизди айтып белектерди утуп алыӊыз. Конкурстун шарттары: 1) Биздин баракчага катталыӊыз✅2) Жана эӊ башкы шарт, «кыйноо – бул эмне?» деген суроого ой пикириӊизди сториске чыгарыӊыз, жана биздин аккаунту белгилегенди унутпаӊыз✅3) Жооп кыргыз тилинде болушу керек✅ Видео форматта болобу, Читать дальше…

МААЛЫМАТ ЖАНА БАСМА СӨЗ КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАЙБЫЗ!

Кыргызстандагы кыйноолорго каршы коалициясы журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерин кесиптик майрам –  Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт! Биздин Коалиция жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин жигердүү жарандык позициясын, журналистиканын негизги принциптерин – аныктыкты, объективдүүлүктү жана ыкчамдыкты жетекчиликке алып, өз ишин намыстуулук жана абийирдүүлүк менен аткарып жаткан кесипкөй адамдардын

Президенттин милдетин аткаруучу — Премьер-министр Жапаров Садыр Нургожоевичке кайрылуу

                                           Урматтуу Садыр Нургожоевич, Кыргызстандагы Кыйноолорго каршы коалиция сизден абактагылардын санын азайтууну суранат. Учурда Кыргызстан оор учурларды башынан өткөрүп жатат. Бир жагынан, COVID-19 вирусунун, пандемиясынын экинчи толкунунун сөзсүз болушу, экинчи Читать дальше…